Белгилүү бир маселе жөнүндө болгон пикир келишпөөчүлүк, талаш. Кычан тартышты башка жакка бурду (Бейшеналиев). Уюштуруу маселеси боюнча талаш-тартыштар көп болду («Ала-Тоо»).
1. тарт этишинин кош мамилеси. Согуш учурунда балдар турмуштун, чарбанын түйшүгүн, оорчулугун чоңдор менен тең катар кошо тартышты («Мугалимдер газетасы»).